Шаардагы вирус "Синьфади" тамак-ашты дүңүнөн саткан базардан тараганы белгилүү болду. Натыйжада баш калаанын 11 конушу карантинге алынды. Ошондой эле бийлик Бээжиндеги бардык мекеме-ишканаларды кызматкерлерин, жумушчуларын 14 күндүк карантинге жөнөтүүгө милдеттендирди. Андан сырткары бул жагдайдан улам айрым муниципалдык аткаминерлер кызматтан алынды.
"Бээжин өзгөчө абалда. Биз алдын алуу чараларын күчөтүп, катаал айып системасын киргизебиз. Вирус тарап жаткан каналдарды бууйбуз", – деди Бээжиндин расмий өкүлү Сюй Хэцзянь.
Өткөн жылдын аягында алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумду.