Ссылки доступа

Трамп полицияны реформалоо тууралуу жарлыкка кол койду


Шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп полицияны реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Жарлык полиция департаменттерине гранттарды бөлүп, алардын өзгөрүшүнө көмөктөшүүгө багытталган. Анда полицияга кадрларды тандоону жакшыртуу каралып, кызматкерлерге күч колдонууда жаңыланган стандарттарды сактоо сунушталат.

Ак үйдө өткөн кол коюу иш-чарасына полиция кызматкерлери менен кагылышууларда каза болгон америкалыктардын туугандары катышты. Президент тартип сакчыларынын профессионалдык жана моралдык стандарттарын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ошол эле маалда Трамп экс-президент Барак Обаманын администрациясын сынга алып, ал бул маселени чечүүгө аракет да кылбаганын айтты.

Ушу тапта АКШнын Конгрессинде да полицияны реформалоо боюнча мыйзам чыгаруу иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG