Ссылки доступа

Тажикстанда райондук соттун төрагасы коррупция айыбы менен кармалды


Тажикстандын Согди облусуна караштуу Айни райондук сотунун төрагасы коррупция айыбы менен кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги билдирди.

Мекеменин башчысы Сулаймон Султонзода 17-июнда судья Шараф Турсунзоданын кармалганын тастыктады. Бул боюнча башка маалымат берилген жок.

Шараф Турсунзода эки күн мурун “соттордун ар-намысына шек келтирген иштерди жасаган” деген жүйө менен кызматтан алынган. Бул боюнча Турсунзода жана анын жакындарынын пикирин угууга мүмкүн болгон жок.

Шараф Турсунзода Айни райондук сотунун төрагасы катары болгону төрт ай иштеген. Ага чейин ушул эле сотто катардагы судья болгон.

Бир апта мурда Гиссар шаардык сотунун төрагасы Зайдулло Собирзода да коррупция айыбы менен иштен алынган.

Акыркы 10 жылдан бери 25 судья ар кыл айыптар менен түрмөгө камалган. Ушул тапта Тажикстанда 400дөн ашуун судья бар.

XS
SM
MD
LG