Ссылки доступа

Тажикстан каржы министри: айлык акы төлөөдө кыйынчылык жаралууда (видео)


Тажикстан каржы министри Файзиддин Каххорзода.
Тажикстан каржы министри Файзиддин Каххорзода.

Тажикстан каржы министри Файзиддин Каххорзода айлыкты убагында төлөөдө кыйынчылыктар болуп жатканын мойнуна алды.

«Мугалимдер жайкы эмгек өргүүгө май айында чыгышты. Алар үч ай бою айлык акы гана алып келген. Эми биз аларга өргүү акысын да төлөп беришибиз керек», ­­--деди Каххорзода.

Каржы министри өкмөт бюджет кызматкерлерине канча акча карыз экенин так айткан жок, жакынкы күндөрү маяналар төлөнөрүн гана убада кылды.

Глава Минфина: в ближайшие дни будет погашена задолженность по зарплатам
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

Буга чейин Рогун шаарындагы инженердик-техникалык колледждин кызматкерлери соңку бир нече айдан бери эмгек акы ала албай жүрүшкөнүн маалымдашкан. Колледж Рогун ГЭСине карайт.

ТАЛКО жана Рогун ГЭСиндеги ишканалардын жумушчулары да айлык ала элек. ГЭСте 25 миң адам курулуш тармагында иштөөдө. Алардын ичинен италиялык жана орусиялык компаниялардын жумушчулары гана айлыктарын убагында алышууда.

Тажикстан Эмгек кодексине ылайык, айлыкты убагында бербеген компанияларга айып каралган.

Тажикстандын Статистика агенттигинин маалыматы боюнча быйыл 1-апрелге чейин айлык акы боюнча бересе 51 млн. сомонини (5,1 млн доллар) түзгөн. Бул 2019-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу 27% көп.

Талдоочулардын айтымында, эмгек акы боюнча мынчалык карыз жарандык согуш жылдарынан бери каттала элек болчу. Маяна ала электердин 75% кен казуу, транспорт жана кайра иштетүү тармагында эмгектенгендер болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG