Ссылки доступа

Алишер Усманов берген 5 млн доллар муктаж үй-бүлөлөргө таратылды


Өзбекстандагы «Саховат ва кумак» (Мээрим жана колдоо) фонду 300 миңден ашуун үй-бүлөгө каржылай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Маале жана үй-бүлөлөрдү колдоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, фондго 194,6 млрд сум (19 млн доллардан ашык) түшкөн. Бул каражаттын эсебинен 11,7 млн доллар 300 миңден ашуун үй-бүлөгө жардам иретинде бөлүнгөн. 7 млн доллар 67 296 үй-бүлөгө акчалай түрдө берилген. Калган каражат дары-дармек, беткап, антисептик жана азык-түлүк түрүндө таратылган.

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов фондго 5 миллион доллар которгон.

Бул каражат социалдык колдоого муктаж 19 009 кишиге 250 доллардан бөлүнүп берилген. Тизмени Анжиян, Наманган, Ташкент шаары жана Ташкент облусунун акимчиликтери түзгөн.

XS
SM
MD
LG