Ссылки доступа

I кварталда Орусиядан Тажикстанга акча которуу $103 млн азайды


Орусиянын Борбордук банкы 2020-жылдын алгачкы үч айында тажикстандык эмгек мигранттары мекенине 359 миллион доллар жөнөткөнүн билдирди. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103 миллион долларга же 22,3% аз.

Орусияда марттын ортосунда обочолонуу режими киргизилип, мигранттар бул айдын акыркы эки жумасында гана жумушсуз отурушкан.

Өткөн жылы Орусиядагы тажикстандык эмгек мигранттар мекенине 2 миллиард 576 миллион доллар которушкан. Бул болжол менен өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн үчтөн бирин түзөт.

Тажикстандын Экономика министрлигинин өкүлү Шавкат Валиев Орусиядан которулган акчанын азайышы эмгек мигранттарынын жеке бюджетине гана таасирин тийгизерин, «азыр өлкө экономикасы 2008-жылдагы кризистегидей акча которууларга анча көз каранды эмес экенин» билдирди.

Бирок жергиликтүү экономисттер акча которуулар тажик үй-бүлөлөрүнүн 80% негизги киреше булагы болуп эсептелерин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG