Ссылки доступа

Өзбекстан өкмөтүнүн имараты карантинге алынды


Өзбек өкмөтүндөгү департаменттердин биринин жетекчиси коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар министрлер кабинетиндеги өз булактарына шилтеме кылып билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөттүн имараты толугу менен карантинге алынды.

Президент Шавкат Мирзиёев 16-июндагы видеоселектордук жыйында акыркы эки жуманын ичинде Ташкентте 482 киши вирус жуктуруп алганын, алардын 57си кайдан жуктурганы белгисиз болуп жатканын билдирген. Мамлекет башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал начарласа, бир катар шаарлар менен облустар кайра жабыларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG