Ссылки доступа

Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстанда окууга сунушталбаган ЖОЖдордун тизмесин жарыялады


Өзбекстандын билим берүү сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргызстан менен Тажикстандагы айрым жогорку окуу жайлардагы билим сапаты Өзбекстан эмгек рыногунун талаптарына жооп бербей турганын жарыялады.

Инспекция коңшу өлкөлөрдөгү билим берүү процесстери иликтенип, тесттердин жыйынтыктары менен ушундай сунуш берилип жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандагы 16 жогорку окуу жай өзбек эмгек рыногу үчүн актуалдуу эмес деп табылды.

Билим берүү сапаты төмөн жогорку окуу жайларга: Борбор Азия эл аралык университети, Кыргыз-Өзбек университети, Эл аралык медициналык жогорку мектеп, Кызыл-Кыя педогогикалык институту, Ош гуманитардык-педогогикалык институту, Жалал-Абал мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик юридикалык институту, Майлуу-Суу экономика жана башкаруу институту, Тажик Ачык университети, Хожент мамлекеттик университети, Тажик мамлекеттик педагогикалык университет, Тажик ишкерлик жана кызмат көрсөтүү институту, Тажик укук институту, Тажик тилдер институту, Курган-Төбө мамлекеттик университети, Тажик мамлекеттик укук, бизнес жана саясат университети киргизилди.

Бул тизмеге Казакстандын жогорку окуу жайлары кирген эмес. Инспекция бул өлкөдө айрым окуу жайлардын рейтинги жогору болгону менен тиешелүү билим берүү камсыздалбай жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG