Ссылки доступа

Казакстанда эпидемиологиялык абалды баалоо үчүн «кошумча критерийлер» киргизилет


Казакстанда эпидемиологиялык абалды баалоо үчүн «кошумча критерийлер» киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Лязат Актаева 19-июнда брифингде билдирди.

Анын айтымында, эми абалды баалоодо коронавируска кабылган бир адам орточо эсеп менен вирусту канча кишиге жуктурарын көрсөткөн R коэффициенти жана бейтаптар үчүн ооруканаларда орундардын бар-жоктугу эске алынат.

Буга чейин министрлик чектөөлөрдү күчөтүү же жумшартуу үчүн негизинен илдетке кабылгандардын санына көңүл буруп келген.

«Карантиндик чараларды R көрсөткүчү 1,3 же 1,15-1,3 аралыгында болгондо, ооруканалардагы орундар 70%-90% толгондо күчөтүлөт. Чектөөлөрдү жумшартуу үчүн бош орундар 50% азайып, R көрсөткүчү 1ден төмөн болуусу керек. Мындан тышкары кошумча көрсөткүч катары коронавирустан каза болгондордун жана абалы оор бейтаптардын саны каралат», — деди министрдин орун басары.

Буга чейин Алматы жана Нур-Султан шаарларынын саламаттык сактоо башкармалыктары ооруканалардагы орундардын 90-95% бош эмес экенин билдиришкен. Буга байланыштуу абалы оор жана орто бейтаптар гана ооруканага жаткырыла баштаган.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Казакстанда ооруканаларда 13 716 бейтап дарыланууда, 10 139 киши айыгып чыккан. Өлкөдө оорунун белгилери байкалбаган адамдарды кошуп эсептегенде коронавирус жуктургандардын жалпы саны 23 960 кишиге жетти. 105 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG