Ссылки доступа

Алматыда 13-июндагы акциядан кийин бир нече активист жоопкерчиликке тартылды


Алматыда өткөн ишембидеги жүрүштөн кийин эки активист 15 суткага камалып, бирөө айыпка жыгылды. Дагы бир нече киши полицияга чакыруу алды.

Буга чейин укук коргоочу Бахытжан Торегожина “Фейсбуктагы” баракчасына кеминде 8 киши камалганын жазган.

Расмий маалыматка караганда, Алматы шаарынын жашоочусу Асхат Жексебаев, Сагидулла Акаев жана Алибек Бакдаулетов уруксат берилбеген жыйынга катышуу боюнча айыптуу деп табылды. Алибеков менен Жексебаев 15 суткага камалып, Акаев 144 доллар айып пулга жыгылды. Сотто дагы үч кишинин иши каралууда.

13-июнда Алматынын борборунда жүзгө чукул киши жүрүш жасаган. Алар музыкалык аспаптарда ойноп, айрымдары бийлеп, “Активисттер – экстремисттер эмес”, “Алга, Казакстан” деген ураандар менен бийликке нааразылык билдиришкен.

Ушундай эле акция азыраак кишинин катышуусу менен Нур-Султан, Чымкент шаарларында да өткөн.

Казак бийлиги карантин маалында тынч жыйындар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алып, уруксатсыз өткөрүлгөн митингдерге катышкандарга жазаны күчөткөн.

Видео

XS
SM
MD
LG