Ссылки доступа

Тажикстан 25-июндан тартып Орусиядагы жарандарын алып келе баштайт


Тажикстан 25-июндан тартып Орусиядагы жарандарын алып келе баштайт. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги 19-июнда билдиргендей, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Новосибирск жана Екатеринбургдан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулат.

Чартердик каттамдарга биринчилерден болуп оорулуу кишилер, жаш балалуу аялдар, кары-картаңдар, студенттер жана Орусияга иш сапар үчүн барып кайта албай калгандар алынат. Алардын тизмесин түзүү үчүн атайын комиссия түзүлөт.

Тажикстан аэропорттору пандемияга байланыштуу 20-мартта эл аралык каттамдарды кабыл алууну токтоткон. Мындан улам Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Германия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөгү ондогон тажикстандыктар мекенине кайта албай калышкан.

Тажикстандын бийлиги 1-июлдан тартып Өзбекстан жана Дубайга учактар каттай баштарын билдирген. Аба жолдорун ачуу боюнча Орусия, Түркия жана Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Видео

XS
SM
MD
LG