Ссылки доступа

Казакстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 120 кишиге жетти


Жекшемби, 21-июнда Алматыда  63 жана 60 жаштагы эки киши коронавирустан кайтыш болду. Өлүм-житимди иликтөө комиссиясы маркумдардын кайтыш болушуна COVID-19 дарты себеп болгон деген чечим чыгарган.

Казакстанда жалпысынан 26 миң киши коронавирус жуктуруп алды, 120сы көз жумду, Нур-Султан (32), Алматы шаары (20), Павлодар облусу (13), Чымкент шаарында (13) адам өлүмү көп катталууда.

Бул арада вирус жуктуруп алгандан кийин каза тапкан дагы ондогон киши коронавирустан өлгөндөрдүн тизмесине киргизилген эмес. Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги алардын өлүмүнө вирус эмес башка оорулары себеп болгон деген тыянак чыгарган.

XS
SM
MD
LG