Ссылки доступа

Путин: СССР республикалары ири сандагы орус жерлерине ээ болушкан


Владимир Путин "Россия 1" телеканалынын "Москва. Путин. Кремль" берүүсүндө Советтер Союзу түзүлгөндө ага кирген көптөгөн республикалар “ири сандагы орус жерлерине” ээ болушканын билдирди.

Орусия президенти “бул республикалардын ар бири СССРден чыгып жатып, орус элинен алган белегин сүйрөп кетпей, ташташы керек болчу” деп эсептейт.

Путин кайсы республикалар кайсы жерди алганын так айткан жок. Ал болгону Советтер Союзу түзүлгөндө андан чыгуу укугу жөнүндө келишим түзүлүп, бирок жол-жоболору жазылбай калганын гана белгиледи.

Ошол эле маалда Путин Крымдын Орусияга кошулушу жарым аралдагы калктын демократиялык тандоосу болгонун дагы бир жолу айтты. “Крым дайыма биздики болгон, юридикалык көз караш менен алганда да ушундай”, - деди Орусия башчысы.

Видео

XS
SM
MD
LG