Жарандарды кабыл ала турган мейманканалардын тизмесин Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет менен Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык агенттиги түзөт.
Мындан тышкары атайын комиссиянын чечими менен өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы чаралар киргизилди. Ага ылайык, эпидемиологиялык коопсуздуктун «кызыл» деңгээли киргизилген Ташкенттеги маалелер жабылып, көчөлөрдүн кесилиштерине блокпосттор коюлат.