Ссылки доступа

Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 127 кишиге жетти


22-июнь күнү кечинде Казакстанда COVID-19дан дагы жети бейтап каза болду. Алардын алтоо баш калаа Нур-Султанда, бирөө Костанай облусунда катталды.

Расмий маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында коронавирустан каза болгондордун саны 38ге жетти. Бул өлкө боюнча көз жумгандардын дээрлик 30% түзөт.

Акыркы учурларды кошкондо Казакстанда вирустан көз жумгандар 127ге жетти. Ошол эле маалда COVID-19 жуктуруп алгандан кийин каза тапкан дагы ондогон киши коронавирустан өлгөндөрдүн тизмесине киргизилген эмес. Саламаттык сактоо министрлиги алардын өлүмүнө вирус эмес башка оорулары себеп болгон деген тыянак чыгарган.

Соңку маалыматтар боюнча өлкөдө вирус жуктургандардын саны 27 миңден ашты. Акыркы суткада 1 471 жаңы учур катталып, Казакстанда илдет пайда болгон марттан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Өткөн жумада Нур-Султан жана Алматы шаарларынын бийлик өкүлдөрү инфекциялык ооруканалардагы орундардын 90% ашыгы бош эмес экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG