Ссылки доступа

АКШ жумуш визасын берүүнү 2020-жылдын аягына чейин токтотту


АКШнын президенти Дональд Трамп 2020-жылдын аягына чейин чет өлкөлүктөргө жумуш визасын берүүнү токтотуу боюнча буйрукка кол койду.

Виза берүүгө апрелде эле чектөө киргизилген. Анын мөөнөтү сентябрда аягына чыкмак. Эми ал жыл соңуна чейин узартылды.

Буйрук жогорку технологиялар индустриясындагы адистерден тартып сезон маалында иштей турган катардагы жумушчуларга чейин тиешелүү. Ак үй коронавирус пандемиясынан улам экономикалык активдүүлүк токтогондуктан, америкалыктарды иш менен камсыздоо максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирди. Ал арада медицина кызматкерлери менен азык-түлүк өнөр жайында иштегендер үчүн виза алууда чектөө болбойт.

Ак үй мындай жол менен өлкөгө 500 миңдей чет өлкөлүктүн киришине бөгөт коюлат деп болжолдоодо. Буга чейин виза алууга үлгүргөндөр АКШга кире алат.

Ак үйдүн бул чечимин ири америкалык компаниялар, мыйзам чыгаруучулар сынга алышты. Алар Кошмо Штаттар жогорку квалификациялуу адистерге, өзгөчө инженер жана программисттерге муктаж экенин ырасташууда. Google компаниясынын башчысы Сундар Пичай Трамптын чечимине “нааразы” экенин билдирди. Twitter корпорациясынын өкүлү муну “Кошмо Штаттардын экономикалык пайдубалын бүлүндүрө турган көрөгөчсүз чечим” деп атады. Республикачыл-сенаторлор Линдси Грэм менен Жон Корнин президентти документти кайра карап чыгууга үндөштү. Wall Street Journal гезити президенттин бул чечими сотто каралышы ыктымал экенин жазды.

XS
SM
MD
LG