Ссылки доступа

Өзбекстанда жүздөн ашык соодагер базардын жабылышына каршы акцияга чыгышты (видео)


22-июнда Өзбекстандын Гулистан шаарындагы кийим-кече саткан базардын жабылышына нааразы болгон жүздөн ашык соодагер Сырдарыя облустук акимчилигинин алдында акция өткөрүштү.

«Базарга бара турган жол бир жума бою жабык турду. Биз иштегенибиз менен сатып алуучулар болгон жок. Ошондуктан нааразылык акциясына чыктык», — деди соодагерлердин бири.

Анын айтымында, акция маалында укук коргоо кызматкерлери катышуучуларга карата күч колдонушту. «Биз «Базарга бара турган жолду ачкыла!» деп кыйкыра баштаганда милиция кызматкерлери келип, окуяны видеого тартып жаткан адамдардын телефондорун тартып ала башташты. Айрымдарын милиция бөлүмүнө алып кетишти», — деди соодагер.

Акция катышуучуларынын алдына Гулистан шаарынын башчысы Тулкин Дадабаев чыгып, базарга бара турган жол ачыларын билдирди.

Соодагерлер шаар бийлиги базарды толук жаап, акимчиликте иштеген аткаминердин тууганына таандык жаңы соода борборун ачууну көздөп жатат деп эсептешүүдө. Бирок шаар бийлиги базар коронавирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу жабылганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG