Ссылки доступа

Вашингтондо акция катышуучулары Ак үйдүн жанындагы эстеликти кулатууга аракет кылышты


Эндрю Жексондун Лафайет-сквердеги эстелиги

Дүйшөмбү күнү кечинде Вашингтондо жаңы башаламандыктар болуп, расалык басмырлоого каршы чыккан акциянын катышуучулары Лафайет-сквердеги АКШнын жетинчи президенти, Демократиялык партиянын негиздөөчүсү Эндрю Жексондун эстелигин кулатууга аракет кылышты.

Акция катышуучулары эстеликке «адам өлтүргүч» жана «жүзү кара» деп жазып, аны кулатуу үчүн аркандарды байлашкан. Бирок күч кызматкерлери ага жол беришкен жок.

Fox News телеканалы кагылышуу маалында бир нече полиция кызматкери жаракат алып, эки киши кармалганын билдирди.

Президент Дональд Трамп окуяны «уяттуу вандализм актысы» деп атады. «Ардагерлердин мемориалдарын сактап калуу тууралуу акты боюнча 10 жылга эркинен ажыратуу жазасы бар. Эсиңерде болсун», — деп жазды Трамп «Твиттерге».

АКШда нааразылык акциялар майдын аягында полициянын колуна түшкөн афроамерикалык Жорж Флойд каза болгондон кийин башталган. Флойд жасалма акча колдонууга шектелип кармалган.

Буга чейин Виржиния штатындагы акция катышуучулары Жефферсон Дэвисин эстелигин кулатышкан. Ал 1860-жылдары АКШда болгон жарандык согуш маалында Американын Конфедеративдик Штаттарынын президент болгон. Мындан тышкары Вашингтон, Роли шаарларындагы монументтер да зыянга учураган. Ал эстеликтердин бардыгы кулчулук өкүм сүргөн Түштүк штаттардын конфедерациясынын ишмерлерине арналып тургузулган.

Видео

XS
SM
MD
LG