Ссылки доступа

Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 30 миңден ашты


Казакстанда бир сутканын ичинде 1 630 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Бул илдет алгачкы жолу катталган март айынан берки суткалык эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө вирус жуктургандардын саны 18 765 кишиге жетти. Бул тизмеге оорунун белгилери жок 11 721 бейтапты кошуп эсептегенде, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 30 486ы түзөт.

Казакстанда 3-июндан тартып «оорунун белгилери жок» бейтаптар өзүнчө эсептелип, илдет жуктургандардын жалпы тизмесине кошулбай калган.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирустан 134 киши каза болуп, 11,5 миң бейтап айыкты.

Бул арада вирус жуктуруп алгандан кийин каза тапкан дагы ондогон киши коронавирустан өлгөндөрдүн тизмесине киргизилген эмес. Министрлик алардын өлүмүнө вирус эмес башка оорулары себеп болгон деген тыянак чыгарган.

XS
SM
MD
LG