Ссылки доступа

Польша өлкөдөгү америкалык аскерлердин санын көбөйтүүнү өтүндү


Дональд Трамп менен Анжей Дуда. 24-июнь, Ак үй
Дональд Трамп менен Анжей Дуда. 24-июнь, Ак үй

Польша АКШдан өз аймагындагы америкалык аскерлердин санын көбөйтүүнү өтүндү. Бул тууралуу эки өлкө президенттеринин Вашингтондогу биргелешкен маалымат жыйынында белгилүү болду.

Польшанын президенти Анжей Дуда коронавирус пандемиясы башталгандан бери АКШга барган алгачкы чет өлкөлүк лидер болду.

Мамлекет башчылардын маалымат жыйынында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Варшава менен коргонуу маселелери боюнча кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюуну чындамсыздык менен күтүп жатканын билдирди. Ал өткөн жылы ортодо коопсуздук тармагындагы байланыштарды бекемдөө тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюлганын белгиледи. Трамптын айтымында, Варшава сураган кошумча аскердик күчтөр Польшага Германиядан жеткирилиши мүмкүн.

Өткөн жумада АКШ Германиядагы аскерлеринин санын 9,5 миңге азайтууну пландап жатканы белгилүү болгон. Трамп ага чейин НАТО боюнча өнөктөштөрүн, анын ичинде Германияны коргонууга жетишсиз каражат бөлүп жатат деп бир нече жолу сындаган.

XS
SM
MD
LG