Ссылки доступа

Парламент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды


Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Мыйзам долбооруна каршы активисттер 25-июнда парламент имаратынын алдында митинг өткөрүштү. Алар демилгечи депутаттарды мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылды.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан.

«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. Мыйзам демилгечилери мындай айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG