Ссылки доступа

Сардоба районунда үйлөрүн калыбына келтирүүнү талап кылган тургундар кармалууда (видео)


25-июнда Сурхандарыя облусунун Сардоба районунда дамбанын жырылышынан улам кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңы турак жай салып берүүнү талап кылган тургундарды полиция кызматкерлери күч менен алып кетишти.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 25-июнда болгон. Полициячылар Достук маалесинде жашаган 20дай үйдүн ээсин жол тосууга айыптап, атайын автобустар менен алып кетишкен.

Кармалган жарандар эртең менен маалеге келген Сардоба районунун акими Абдуазим Хидиров менен көчөдө жолугуп, кыйраган үйлөрүнүн ордуна жаңы турак жай куруп берүүнү өтүнүшкөн. Аткаминер жер там салынбай турганын, алар көп кабаттуу үйлөрдөн орун алышы керектигин айткан.

Сардоба кырсыгынан кийин Достук маалесинде көптөгөн үйлөрдү шыбына чейин суу каптаган. Тургундардын көбү азыркыга чейин коңшу райондогу колледждин имаратында жашап жатат.

Атайын комиссия мааледиги 28 үйдү жашоого таптакыр жараксыз деп тапкан. Жергиликтүү бийлик 8 үйдү ээлерине эскертпей туруп түрттүрүп салган. Калган 20 коттедждин ээлери үч жума аралыгында жаңы турак жай куруп берүүнү талап кылышууда.

Сырдарыя облустук администрациясы турак жай куруу үчүн 812 миң АКШ доллары талап кылынарын билдирген.

1-майда Сардоба суу сактагычында дамба жырылып, ага жакын жайгашкан райондордогу 2570 үй жана 76 көп кабаттуу турак жай жараксыз абалга кептелген. 1781 үй жана 52 көп кабаттуу турак жай жарым-жартылай зыянга учураган.

XS
SM
MD
LG