Ссылки доступа

Тажикстанда кызматтык кылмыштар үчүн жаза катаалдашты


Бажы кызматкери Шахбоз Ражабзода президенттин суроолоруна жооп берүүдө. 10-май 2019 жыл
Бажы кызматкери Шахбоз Ражабзода президенттин суроолоруна жооп берүүдө. 10-май 2019 жыл

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы кызматтык кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу тууралуу өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Ага ылайык, эми мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде салык жана бажы мекемелеринин кызматкерлерине кызмат абалын кыянат пайдалануу, милдеттүү салык жана башка төлөмдөрдү жашыруу үчүн 580 доллардан 1160 долларга чейин айып пул салынат. Ушундай эле жаза кесиптештеринин кызматтык кылмыштарын жашырган Бажы кызматы менен Салык комитетинин аткаминерлери үчүн да каралган. Буга чейин тажик мыйзамдарында кызматтык кылмыштарды жашыруу үчүн жаза болгон эмес.

Мындан тышкары кызмат абалын кыянат пайдалануу, аткезчилик, мамлекеттик каражатты уурдап алуу же туура эмес коротуу жана аукцион эрежелерин атайылап бузуу үчүн да жаза катаалдады. Эми мындай кылмышка барган мамлекеттик кызматкерлер беш жылга чейин эркинен ажыратылып, ири өлчөмдө айып пул төлөшөт. Буга чейин мындай кылмыштар үчүн үч жыл камакка алуу жазасы болгон.

Эл аралык экономикалык форумдун жыл башында жарыяланган рейтингинде Тажикстан дүйнөнүн эң коррупциялашкан 20 өлкөсүнүн катарына кирген.

XS
SM
MD
LG