Дене табы жогору абитуриенттерге карата Санитардык-эпидемиологиялык агенттиктин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Мамлекеттик тестирлөө борборунун кызматкерлеринин катышуусунда акт түзүлүп, медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында коронавирус аныкталбаган абитуриенттер сынакты Республикалык тестирлөө толук аяктагандан төрт күн өткөндөн кийин тапшыра алышат.
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 7813 кишиге жетип, 21 бейтап каза болду.