Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өз жанын кыйгандардын көбү 15-17 жаштагы кыздар.
Хатлон облустук элдик билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Сафар Давлаттын айтымында, көпчүлүк учурларда өспүрүмдөрдүн эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгы белгисиз бойдон калат. «Айрым өспүрүмдөр ата-энеси менен урушуп кеткенден кийин суицидге барышкан. Бирок көпчүлүгүнүн себептери белгисиз. Мисалы, Дусти районунда мугалимдин кызы өз жанын кыйган. Анын мындай кадамга барышына эч кандай себеп болгон эмес», — деди ал.
БУУнун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн адистери жарыялаган 2018-жылдагы иликтөөдө өспүрүмдөр арасындагы суицидге негизинен жоопсуз сүйүү, ата-энелери, курдаштары менен болгон жаңжалдар жана жалгыздык себеп болору белгиленген.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылы Тажикстанда 632 адам өз өмүрүнө кол салса, алардын 104ү эрезеге жете электер, 170и 18-25 курактагы жаштар болгон.
Быйыл апрелде тажик өкмөтү өлкөдөгү суицид учурларынын алдын алуу боюнча атайын программа кабыл алынганын, ал 2023-жылга чейин ишке ашырыларын билдирген.