Ссылки доступа

Казакстанда дагы 1 613 кишиден COVID-19 аныкталды


28-июнда Казакстанда дагы 1 613 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын 1 066сында оорунун белгилери жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 21 327 кишиге жетти. 3-июндан тартып Казакстанда оорунун белгилери жок адамдар өзүнчө эсептелинип, коронавируска чалдыккандардын расмий статистикасына кошулбай калган. Аларды кошуп эсептегенде өлкө боюнча вирус жуктургандар 37 966 кишиге жетти.

Казакстанда коронавирус алгачкы жолу катталгандан бери бул илдеттен 178 бейтап каза болуп, 12 933 киши айыгып чыкты.

Ал ортодо өлкөнүн бир катар аймактарында коронавирус табылбаган, бирок өпкөсү сезгенген ондогон адам каза болгону кабарланууда. Дарыгерлер Актөбө, Түркстан, Караганды облустарында жана Чымкент шаарында жай мезгили үчүн пневмония менен ооругандар өтө көп экенин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG