Ссылки доступа

Токаев кайрадан катаал карантин киргизүүнү сунуштады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө карантин чараларын кайра киргизүү боюнча планды иштеп чыгууну тапшырды. Анын айтымында, өлкөдө өзгөчө абал аяктаган 11-майдан бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны жети эсе көбөйдү.

Токаев 29-июнда өткөн видео жыйында вирустун жайылып жатканына байланыштуу облус жетекчилерин, мамлекеттик мекемелердин башчыларын жана министрлерди сындады.

Ошондой эле Казакстанда март айында киргизилген чектөөлөргө окшош чаралар зарыл экенин ишара кылды. Төрт күн мурда Токаев саламаттык сактоо министрин алмаштырган болчу.

Казакстанда соңку бир сутканын ичинде 1613 адамдан коронавирус табылды. Натыйжада өлкөдө анализинен коронавирус чыгып, бирок белгилери байкалбаган адамдарды кошкондо өпкөнү сезгенткен илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 37 966га жетти.

Расмий статистикага ылайык, коңшу өлкөдө эпидемия башталгандан бери 178 бейтап коронавирустан каза тапты. Бирок казак бийлиги анализинен коронавирус табылса да, башка өнөкөт оорулардан көз жумган бейтаптар бул тизмеге кошулбаганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG