29-июнда Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) президенттин туулган күнүнө карата кезектеги пропагандалык материалын жарыялады. Макалада Бердымухамедовдун ажылыкка баргандагы иллюстрациялык сүрөтү чыгарылып, анын «лидерлик сапаттарына» өзгөчө жогорку баа берилген.
Мамлекеттик ЖМКлар Түркмөнстанда «пайгамбардын курагы» катары өзгөчө ардакталган президенттин 63 жашын мактап, аны диний баалуулуктар менен байланыштырып жатышат. Ошол эле маалда басылмалар өлкө башчы кезинде ажылыкка барганда Каабанын ичине киргенин баса белгилешүүдө.
Ал арада Түркияда, Түндүк Кипрде жана АКШда жашаган түркмөнстандыктар Бердымухамедовдун отставкасын талап кылышууда. Алар 26-июнда Түркияда, 28-июнда АКШда нааразылык акцияларына чыгышты.
Бердымухамедов өткөн жумада «пайгамбар курагын» үй-бүлөсү менен белгилөө керектигин айтып, Жеңиштин 24-жылдыгына карата Москвада өткөн парадга баруудан баш тарткан.