Ссылки доступа

Тулада түрмөдөн чыккан тажикстандыктар мекенине алып кетүүнү сурашууда


Орусиянын Тула шаарында түрмөдөн бошонуп чыккан тажикстандык жарандар депортация жайындагы адам чыдагыс абал жана персоналдын начар мамилесине даттанышууда.

Алар эркиндикке чыккандан кийин Тажикстанга депортацияланышмак, бирок пандемиядан улам чек аралар жабылып, убактылуу кармоочу жайда отурушат.

Бул арада Мордовияда да абактан чыккандан кийин депортация жайына которулган тажикстандык 24 жаран кайрадан ачкачылык жарыялады. Алардын жаза мөөнөтү апрелде эле бүткөн, бирок чек ара жабык болгондуктан убактылуу тергөө абагында отурушат.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул кырдаал боюнча кабардар экенин, мүмкүнчүлүк болор замат аларды алып кетишерин билдирди.

Орусия депортация жайларында жалпысынан канча тажикстандык жаран отурганын айта элек. Соңку статистикалык маалыматтарга караганда, орус түрмөлөрүндө жети миңдей тажикстандык жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG