Ссылки доступа

Өзбекстанда төрөлгөн сиам эгиздеринин абалы канааттандырарлык


Иракта төрөлгөн сиам эгиздери. 11-июнь, 2010-жыл.
Иракта төрөлгөн сиам эгиздери. 11-июнь, 2010-жыл.

Самаркандда 27-июнда төрөлгөн сиам эгиздеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Сиам эгиздери кычкылтек жетишсиздигинен улам интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылган. Адистер кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эки баштуу бала Самарканд облусунун перинаталдык борборунда кесерева жолу менен төрөлгөн. Ымыркайдын эки колу, эки буту, бир жүрөгү, төрт бөйрөгү бар. Анын салмагы - 4,6 килограмм, бою - 48 сантиметр.

29-июнда сиам эгиздеринин абалы начарлап, Самарканд облустук балдардын көп профилдүү медициналык борборуна которулган.

Маалыматка караганда, наристе демигип, жүрөк кемтигинен жабыркап жатат.

Буга чейин Өзбекстанда сиам эгиздери болгон эмес.

XS
SM
MD
LG