Ссылки доступа

Өзбекстанда 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт


Өзбекстанда 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт. Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.

Чечимге ылайык, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн кийим-кече саткан ири базарлар менен соода комплекстери ишемби жана жекшемби күндөрү толук жабылат.

Коомдук жайларда жарандар эки метрлик социалдык аралыкты сактап, медициналык беткап жана колкап кийүүгө милдеттүү.

Автобустарда жүргүнчүлөр социалдык аралыкты эске алуу менен бири-биринен алыс отургузулат.

Супермаркеттердин кире бериштеринде кардарларга бекер медициналык беткаптар берилет.

«Кызыл» жана «сары» карантиндик аймактардагы коомдук жайларда эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:00гө чейин үч кишиден көп чогулууга, 23:00дөн 07:00гө чейин көчөгө жана көп кабатуу үйлөрдүн короолоруна чыгууга тыюу салынат.

Республикалык комиссиянын чечиминде чектөө чараларын бузган жарандар административдик жазага тартылары белгиленген.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 8298 кишиге жетти. Алардын ичинен 5496 адам айыгып, 24 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG