Ссылки доступа

Казакстанда вирус жуктурган кишилердин саны 41 миңден ашты


Казакстанда 30-июнда 1 604 кишиден коронавирус инфекциясы табылды. Алардын ичинен –489унда оорунун белгилери бар, калганы вирус алып жүрүүчүлөр экени аныкталды. Бул тууралуу маалымат Коомдук саламаттык сактоо борборунун сайтында жарыяланды.

Жалпысынан Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 41 065ке жетти. 3-июндан тартып Казакстан негизги статистикага вирустан улам ооруп жаткандарды гана киргизип, оорунун белгиси болбогондорду өзүнчө санап жаткан. Эксперттер мындай санакты сынга алып, бул өлкөдөгү чыныгы кырдаалды жашырууга барабар экенин билдиришкен.

25-июнда саламаттык сактоо министри болуп дайындалган Алексей Цой инфекцияны ооздуктоо үчүн төрт жумалык катаал карантин чараларын киргизүүнү сунуштаган.

Кечетен бери вирустан өлгөндөрдүн статистикасы өзгөрө элек. Өлкөдө жалпысынан бул илдеттен 188 адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG