Бачелет Орусия, Кытай жана Косоводо COVID-19 менен күрөшүүдөгү бийликтин аракетин сындаган журналисттерди, блогерлерди жана жарандык активисттерди коркутуп-үркүтүү учурлары болуп жатканын белгиледи.
Жогорку комиссар цензура жана сөз эркиндигин криминалдаштыруу –пандемияга каршы күрөшүүдө зарыл болгон маанилүү маалыматтардын тарашын басаңдатып жатканын айтты.
Мишель Бачелет АКШда коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар кайрадан көбөйүп жаткан маалда билдирүү жасады. Бир нече штаттар карантинди күчөтүп, бар, ресторан жана башка ишканалардын ачылышын кийинкиге жылдырды. Бул арада Евробиримдиктеги өлкөлөр карантин чараларын жумшартып, эл аралык аба каттамдарын ачууну пландоодо.
Бачелет Бразилия, Бурунди, Никарагуа, Танзания, АКШ жана башка өлкөлөрдө коронавирус коркунучун четке кагып жаткан айрым саясатчылардын билдирүүлөрүнө да тынчсызданды. Анын айтымында, кенебестик эпидемиологиялык кырдаалды оорлоштуруп, инфекциянын жайылышына каршы жалпы күрөшкө кедергисин тийгизиши ыктымал.