Ссылки доступа

Помпео: АКШ мындан ары да Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын жактайт


Майк Помпео “Твиттердеги” баракчасына АКШ мындан ары да Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, суверенитеттүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн жактай турганын жазды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азиядагы кесиптештери менен С5+1 форматында өткөргөн онлайн жолугушууну жогору баалады.

АКШ жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жолугушуусу 30-июнда онлайн режимде өткөн.

Тажикстан Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, тараптар COVID-19га каршы күрөшүү жана анын саламаттык сактоо тармагы менен экономикага тийгизип жаткан кедергисин, аймактык кызматташууну кеңейтүү аркылуу экономикалык туруктуулукту жана аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Отурумда Кошмо Штаттар Борбор Азия чөлкөмүндө экономиканын өнүгүшү жана сооданын кеңейиши үчүн өз потенциалын колдонууга даяр экенин билдирген.

«С5 + 1» тобунун жолугушуусу 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул форматтагы жолугушуу Кошмо Штаттар менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилени бекемдөөгө багытталган.

XS
SM
MD
LG