Ссылки доступа

Казакстанда 5-июлдан тартып 14 күндүк карантиндик чектөөлөр киргизилет


Казакстанда өкмөттүк комиссия 5-июлдан тартып 14 күнгө карантиндик чектөөлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык, массалык иш-чараларды өткөрүүгө, жарандардын көчөдө, сейил бактарда үчтөн ашык топтолуусуна тыюу салынат.

Мындан тышкары аймактар ортосундагы жүргүнчү ташуу автобустары убактылуу токтотулуп, аба жана темир жол каттамдарына чектөөлөр киргизилет. Ошондой эле сулуулук салондорунун, чач тарачтардын, фитнес-борборлордун, бессейндердин, үстү жабылган базарлардын, маданий жана диний объектилердин иштешине тыюу салынат.

Мекеме-ишканалардагы жамааттын бери дегенде 80% аралыктан, үйлөрүнөн иштеши керек. Медициналык жайлар алдын-ала жазуу тартиби менен гана кабыл алат.

Дарыканалар, азык-түлүк саткан дүкөндөр жана үстү ачык базарлар ишмердүүлүгүн улантат. Санитардык эрежелерди сактоо шарты менен кафелердин жана ресторандардын жайкы аянтчаларына да иштөөгө уруксат берилет. Мындан тышкары ири курулуш жана өнөр жай ишканалары, калкты тейлөө борборлору жана коммерциялык банктар иштейт.

Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин эпидемиологиялык абалга жараша карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 42,5 миң кишиден ашты. Алардын ичинен 14 миңге жакыны айыгып, 188 бейтап каза болду.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG