Анын айтымында, туугандары чет өлкөдө иштеп же окуп жүргөн жергиликтүү тургундардын тизмеси түзүлүп, алар менен маектешүүлөр өткөрүлүүдө.
«Жашоочулар менен маектешкен адамдар өздөрүн акимчиликтин кызматкери катары тааныштырып жатышат. Чынында алар Улуттук коопсуздук министрлигинин аймактык башкармалыгында иштешет», — деди кабарчы.
Бул боюнча Мары облустук акимчилигинен, Улуттук коопсуздук министрлигинин аймактык бөлүмүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Июнь айында Түркияда, Түндүк Кипрде, АКШнын Вашингтон, Нью-Йорк жана Питсбург шаарларында жашаган түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун отставкасын талап кылып бир нече акцияларды өткөрүшкөн. Алардын акыркысы 26-июнда Стамбулда, 28-июнда Вашингтон менен Нью-Йоркто өткөн.