Ссылки доступа

Орусияда жарандардын көбү Конституцияны өзгөртүүнү колдоду


Орусияда Конституцияны өзгөртүүнү жарандардын 77,92% колдоп, 21,27% каршы добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 100% саналып бүткөндөн кийин билдирди.

Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондордун эң жогорку көрсөткүчү Чеченстанда (97,92%), Тувада (96,79%) жана Крымда (90,07%) катталды. Каршы добуш бергендердин эң жогорку көрсөткүчү Ненец автономдук округунда — анда жашоочулардын жарымынан көбү (55,25%) өзгөртүүлөргө каршы болушкан.

Өлкө боюнча добуш берүүгө жарандардын 65% катышты. Эң жогорку көрсөткүч Чеченстанда (95,1%), Тувада (92,8%) жана Башкирияда (90,8%) катталды.

Күн мурун «НЕТ!» өнөктүгүнүн уюштуруучулары экзитполдун маалыматтарын жарыялашкан. Ага ылайык, Москвада сурамжылоого катышкандардын 55%, Санкт-Петербургда 63% өзгөртүүлөргө каршы добуш беришкен. Бул сурамжылоого жалпысынан 7 миңден ашык жаран катышкан.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Орусиянын бардык аймагында 96 миңден ашык, дүйнөнүн 144 өлкөсүндө 250дөн көп добушкана ачылды. Коронавирус пандемиясынан улам айрым жерлерде шайлоо бекеттери эшикте, чатырларда уюштурулду. 21-июнга чейин арыз бергендер үйлөрүнөн добуш берүүгө катышты.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси - президент Владимир Путиндин кызматтык мөөнөттөрүн жокко чыгарган жана ага кийинки шайлоого катышууга жол ачкан жобо болуп саналат.​ Өлкөдөгү оппозиция лидерлери, айрым жарандык активисттер бул референдумду Путиндин бийликте көбүрөк калуу айла-амалы деп сындап, жарандарды добуш берүүдөн баш тартууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG