Ссылки доступа

Түркмөнстан ДССУ эксперттеринин сапары алдында COVID-19га каршы чараларды күчөттү


Ашхабад шаарындагы бейтапкана. Июнь 2020-жыл
Ашхабад шаарындагы бейтапкана. Июнь 2020-жыл

Түркмөнстан өлкөдөгү эпидемиологиялык абал менен таанышуу үчүн келе турган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттеринин сапарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Акыркы бир жумадан бери баш калаа Ашхабадда COVID-19дун жайылуусуна каршы ДССУ сунуштаган чаралар күчөтүлүп, коомдук жайларга антисептиктер коюлууда. Базарлар, спорттук жайлар жабылып, аймактар аралык кыймылга чектөө киргизилди.

Ушу тапта өлкө чыгышындагы Лебап облусунда да ДССУ эксперттеринин сапарына кызуу даярдык көрүлүүдө. Аймактагы бардык медициналык мекемелердин кызматкерлери ишембиликке чыгып, ооруканалардын айланасын тазалап жатышат.

Өткөн жумада ДССУ эксперттери Түркмөнстанга июлдун башында келери белгилүү болгон.

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандар жок экенин билдирип келет. Мамлекеттик басылмалар коронавирус жана глобалдык пандемия темасын чагылдырышкан жок.

Ошол эле маалда өлкөдө COVID-19га мүнөздүү пандемиянын курч формасы күч алууда.

XS
SM
MD
LG