Ссылки доступа

Өзбекстан ИИМи камактагы адамдын кыйноодон өлгөнүн четке какты


Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Навои абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 45 жаштагы Фаррух Хидиров аттуу жарандын кыйноодон өлгөндүгү тууралуу соцтармактардагы билдирүүлөрдү четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы дарыгерлер 27-июнда каза болгон Хидировго «кургак учуктун IV клиникалык баскычы» деген диагноз коюшканын билдирди.

«Социалдык түйүндөргө маркумдун сөөгү тартылган видео жарыяланган. Анда көрүнүп турган сөөктөгү кызарган жерлер өлүктүн тактары. Алардын кыйноого эч кандай тиешеси жок», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Фаррух Хидиров төрт жолу соттолгон. Акыркы жолу 2010-жылы Ташкент облусунун Янгиюль шаардык соту аны «ашынган кылмышкер» катары 11 жылга эркинен ажыраткан.

13-июнда Анжиян облусунда милиция кызматкерлеринин кыйноосунан кийин комага түшкөн 32 жаштагы Алижон Абдукаримов каза болгону кабарланып, соцтармактарда чоң резонанс жараткан.

ИИМ бул окуяга байланыштуу үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, камакка алынганын билдирген. Мындан тышкары дагы беш кызматкер жумуштан алынып, 19у жазаланган.

XS
SM
MD
LG