Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул тарыхый жайды мечитке айландыруу демилгесин маал-маалы менен көтөрүп келет. Бирок бул боюнча административдик сотко расмий өтүнүч менен коомчулукка белгисиз ассоциация кайрылды. Ал Айя-Софияны музейге айлантуу тууралуу Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн 1935-жылдагы декретин жокко чыгарууну көздөөдө.
VI кылымдын 30-жылдарында византиялык император Юстиниан Iдин буйругу менен курулган Айя София кылымдар бою христиан чөйрөсүндөгү эң ири чиркөөлөрдүн бири болуп турган. 1453-жылы Константинополду осмон түрктөрү басып алгандан кийин ал мечит катары колдонула баштаган. 1935-жылы мечит Ататүрктүн декрети менен музейге айландырылып, 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Түркиянын жашоочуларынын көбү Айя-Софиянын азыркы макамы мамлекеттин светтүүлүгүнүн символу экенин айтып келишет. Оппозициялык партиялар Эрдоган бул маселени көтөрүү менен элдин көңүлүн экономикалык каатчылыктын башка нерсеге бурууга аракет кылып жатат деп эсептешүүдө.
Стамбулдун чок ортосунда, шаардын тарыхый бөлүгүндө жайгашкан Айя-София музейине жыл сайын миллиондогон туристтер келет. Былтыр эле алардын саны 3 миллион 700 миңге жеткен.
Православ чиркөөсүнүн руханий лидери, Константинополдун патриархы Варфоломей I түрк бийлигинин Айя-Софияны мечитке айлантуу ниетин сынга алды. «Өзүнүн ыйыктыгы менен Чыгыш менен Батышты байланыштырып турган Айя-Софиянын макамын мындай кылып өзгөртүү — дүйнөдөгү миллиондогон христиандарды капа кылат», — деди патриарх.
Reuters агенттиги түрк бийлигин Айя-Софиянын музей макамын сактап калууга АКШ өкмөтү да чакырганын жазды.