Күбөлөрдүн айтымында, жол тоскондорду полиция кууп тараткан. Натыйжада тартип сакчылары менен мигранттардын ортосунда тирешүү болуп, полициячылар бир нече кишини резина союлдар менен сабашкан. Бирок Оренбург облусунун Бузулукский районунун полициясы бул маалыматты четке какты.
Полициянын маалыматына караганда, Бузулукский районуна жакын чек арада борбор азиялык 200дөй мигрант турат.
Мигранттар болсо Оренбург облусунун ар кыл аймагында миңге чукул өзбекстандык топтолуп калганын билдиришүүдө.
Өзбекстан, Казакстан жана Орусия өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык, 18-19-майда Казакстан аймагы аркылуу 1200 өзбекстандык үчүн транзиттик коридор ачылган. Өзбек өкмөтү жарандарды алып кетүү үчүн 125 миң рубль жумшалганын маалымдаган.