Ссылки доступа

Өзбекстан мигранттарды чек аралар ачылгандыгы тууралуу маалыматтарга ишенбөөгө чакырды


Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги чек аралар ачылганын айтып, жарандарды орус-казак чек арасына ташып жаткан адамдарга ишенбөөгө чакырды.

— Мындай маалыматтарга ишенбеңиздер, бул жалган. Орусияда, Өзбекстанда жана Казакстанда карантиндик чектөөлөр дале күчүндө, бул өлкөлөрдүн чек аралары жабык. Ушу күндөрү жалган маалыматтарга ишенип алып, орус-казак чек арасына топтолгон жарандар көп болууда, — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Элчилик ошондой эле адамдардын көп топтолуусу коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин жогорула турганын эскертти.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG