Ссылки доступа

ДССУнун COVID-19 боюнча миссиясы Түркмөнстанга келет


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун белгиси
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун белгиси

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) COVID-19 боюнча атайын миссиясы 6-июлда Түркмөнстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу уюмдун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге «Твиттердеги» баракчасына жазды.

10 күндүк сапардын алкагында миссиянын эксперттери өлкөнүн коронавируска даярдыгы менен таанышуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө жолугуп, медициналык жайларга, коомдук саламаттык мекемелерине жана лабораторияларга барышат.

Түркмөнстан өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келаткан дүйнөдөгү аз мамлекеттердин бири. Ошол эле маалда акыркы айларда бул өлкөдө пневмония менен ооругандардын саны кыйла көбөйгөнү айтылып келет.

Алгач ДССУ эксперттеринин Түркмөнстанга сапары апрелдин аягына пландалган. Бирок андан бери уюмдун өкүлдөрү түркмөн бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки ай бою сапардын логистикасына байланышкан маселелер талкууланды.

Түркмөнстандын бийлиги ДССУ миссиясынын сапары алдында өлкөдөгү профилактикалык жана дезинфекциялык иштерди күчөтүп, калкка вируска каршы дарыларды тарата баштаган. Мындан тышкары медицина кызматкерлери беткап, колкап кийүүгө, инфекциялык ооруканаларда атайын коргонуучу каражаттарды колдонууга милдеттендирилген.

XS
SM
MD
LG