Ссылки доступа

Самаркандда төрөлгөн сиам эгиздери чарчап калды


27-июнда Өзбекстандын Самарканд облусунда төрөлгөн сиам эгиздери чарчап калды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эки баштуу бала Самарканд облусунун перинаталдык борборунда кесерева жолу менен төрөлгөн. Ымыркайдын эки колу, эки буту, бир жүрөгү, төрт бөйрөгү болгон.

Сиам эгиздери кычкылтек жетишсиздигинен улам 29-июнда интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылган. Наристе демигип жаткандыктан, тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Бирок 6-июлдун таңында алгач эгиздердин бирөөсү, көп өтпөй экинчиси да чарчап калган. Алардын өлүмүнө дем алуу органдарындагы жана жүрөк кемтиги себеп болгону кабарланууда.

Буга чейин Өзбекстанда сиам эгиздери төрөлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG