Ссылки доступа

АКШ онлайн окуган чет өлкөлүк студенттерге быйыл виза бербейт


АКШнын миграция мекемеси сабактары онлайн режимде өткөрүлгөн чет элдик студенттерге быйыл виза бербөөнү жана узартпоону чечти.

Мындан улам жүз миңдеген окуучулар арсар абалда калышы мүмкүн. Расмий билдирүүдө «ал студенттерге АКШ аймагына кирүүгө уруксат берилбейт жана буга чейинки визасы да узартылбайт» деп айтылат.

Жаңы эреже академиялык жана кесиптик билим алыш үчүн документтерин визага тапшыргандарга тиешелүү болмокчу. 2018-2019-жылкы окуу жылында ошондой визаны 400 миңге чукул киши алган.

Кошмо Штаттардын 1700 окуу жайынын башын бириктирген Билим берүү боюнча кеңеш жаңы көрсөтмө көп суроо жаратарын, пайдасына караганда кесепети бир топ болорун билдирди. Коллеждер менен университеттердин көбү азырынча күзгү пландарын жарыялай элек. Гарвард университети дүйшөмбүдө 2020-2021-жылдагы окуу жылында билим берүү онлайн гана форматында өтөрүн жарыялады.

Бардыгы болуп Кошмо Штаттарда бир миллиондон ашык чет өлкөлүк студент билим алат жана алар төлөгөн окуу акысы америкалык ЖОЖдордун кирешесинин басымдуу бөлүгүн түзөт.

XS
SM
MD
LG