«Марттагы элдешүү жараянына чейинки өкмөттүк күчтөрдүн ылгабастан жасаган аба соккуларынан жүздөгөн адам мерт болуп, миллионго жакын тургун үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Бул адамзатка каршы жасалган кылмышка тете», — деп жазылган баяндамада.
Комиссиянын башчысы Пауло Пиньейрунун айтымында, БУУ террордук деп тапкан өкмөтчүл күчтөр Сирияда согуш мыйзамдарын жана жарандардын укуктарын одоно бузушкан.
Баяндамада Сириянын түндүк-батышындагы 52 чабуул жөнүндө жазылып, алардын 47син өкмөттүк күчтөр Орусиянын колдоосу менен жасаганы белгиленген.
Мындан тышкары 5-мартта Маарет-Мисрин шаарына жакын жердеги качкындар жайгашкан канатуулар фабрикасына, 29-январда жикчилдердин көзөмөлүндөгү Ариха шаарындагы оорукананын жанына бир нече сокку жасалганы жазылып, булар үчүн жоопкерчилик Орусиянын аскердик авиациясына жүктөлгөн.