Ссылки доступа

Өзбекстанда 10-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт


Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт. Мындай чечимди Республикалык атайын комиссия кабыл алды.

Ага ылайык, төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилет:

  • транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет;
  • мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жарым-жартылай аралыктан иштөөгө өткөрүлөт же эмгек өргүүсүнө чыгарылат;
  • мамлекеттик органдарда, уюмдарда жана ишканаларда чогулууга тыюу салынат;
  • аймактар ортосундагы транспорт каражаттарынын кыймылына (айыл-чарба азыктарын ташууга) тыюу салынат;
  • маданий-көңүл ачуучу жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
  • үйлөнүү той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынат;
  • 65 жаштан ашкан жарандарга коомдук жайларда болууга, көчөлөрдө үчтөн көп болуп топтолуп жүрүүгө тыюу салынат.

Атайын комиссиянын чечими менен бул мезгилде төмөнкү ишкерлик субъектилердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат:

  • Парктар, аттракциондор жана эс алуу аймактары;
  • Кийим-кече саткан ири базарлар;
  • Машыгуу залдары, фитнес-клубдар жана бассейндер;
  • Мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана окутуу борборлору;
  • Коомдук тамактануу жайлары (ресторандар, кафелер, чайханалар);
  • Санаторийлер, пансионаттар, балдар лагерлери, конок үйлөрү, суу жээктери жана башка эс алуу жайлары.

Мындан тышкары эл аралык каттамдардын саны эки эсеге азайтылып, жүк ташуу унааларынын айдоочулары коронавируска тест тапшырууга милдеттендирилет.

XS
SM
MD
LG