Бул өкмөт сатып алган кычкылтек концентраторлорунун алгачкы партиясы менен 500 даана концентратор 5-июлда алып келинген.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сатып алынган дагы 800 кычкылтек концентратору Бишкекке жакынкы мезгилде жеткирилет.
«Өлкөгө келген концентраторлор ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жабыркаган жана өпкөсү кагынган адамдар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт.», — деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.