Ссылки доступа

Өзбекстандын ооруканаларында коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн орундар тартыш болууда


Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн ооруканаларда орундар тартыш болууда. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын өкүлү Хабибулла Акилов брифинг маалында билдирди.

Өзбекстанда акыркы күндөрү сутка сайын коронавирус жуктурган 300-350дөн жаңы учур катталууда. Акиловдун айтымында, эгер күнүнө жаңы учурлар миңден аша баштаса, өлкөнүн саламаттык сактоо системасы «кыйроого учурайт».

«Оорунун белгилери жок адамдарга үйдөн дарыланууга уруксат берилгенине карабастан, ооруканаларда орундар калбай калды. Мындан улам өнөкөт оорулары бар башка бейтаптар каза болуп жатышат», — деди Акилов.

Ал өлкө боюнча күнүнө 20 миңден ашык ПЦР-анализ алынып, лабораториялар алардын жыйынтыктарын өз убагында чыгарууга жетишпей калып жатышканын кошумчалады. «Буга чейин тесттин жыйынтыктары 5-6 саатын ичинде даяр болсо, азыр адамдар эки күндөн бир жумага чейин күтүүгө аргасыз болуп жатышат. Бул аралыкта алар илдетти бири-бирине, башкаларга жугузуп жүрүшөт. Ошондуктан өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү», — деди ал.

1-августка чейин күчүндө боло турган карантин чараларына ылайык, өлкө жолдорундагы кыймылга, аймак аралык каттамдарга чектөө киргизилет. Мындан тышкары мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин бир бөлүгү эмгек өргүүсүнө жөнөтүлүп, калгандары мүмкүн болушунча аралыктан иштегенге өтөт.

Апрелдин аягында Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн өлкөдө 16 миң орун даярдалып (ушу тапта 3819 бейтап дарыланууда), 20 миң кишиге дары-дармек камдалганын билдирген. Мындан тышкары Ташкенттен алыс эмес жерге 10 миң орундуу инфекциялык оорукана курулуп жатканы, ал майдын башында ачылары кабарланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 10,8 миңден ашып, 42 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG