Ссылки доступа

CPJ казак бийлигин «Кемсинтүү» беренесин Кылмыш кодексинен алып салууга чакырды


«Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) Казакстандын бийлигин ЖМКлардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн мыйзамдар боюнча реформаларды улантууга чакырды.

Комитеттин 8-июлда жарыяланган баяндамасында «Ушак» беренеси Административдик укук бузуу тууралуу кодекске которулганына карабастан, «Кемсинтүү» беренеси Кылмыш кодексинде калып жатканы белгиленген.

27-июнда казак басылмалары өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Кылмыш кодексиндеги «Ушак» беренесин Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске которо турган мыйзамга кол койгонун жазышкан. Ага ылайык, эми бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар айып пул төлөп, 30 суткага чейин камакка алынат.

Март айында «Адил сөз» уюму бул мыйзам долбоорун сынга алып, тескерисинче «Ушак» беренеси менен соттолгондорго жаза катаалдашарын билдирген. Уюмдун өкүлдөрү айыпталгандар ири өлчөмдө айып пул төлөп, административдик камакка алынышы мүмкүндүгүн белгилешкен. Алардын айтымында, мыйзам кабыл алынгандан кийин редакциялар менен журналисттерге карата соттук иштер көбөйүп, чоң-чоң айып пулдар салынышы ыктымал.

Өз кезегинде бийлик мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Кылмыш жана Административдик укук бузуу тууралуу кодекстерди «болушунча эл аралык укукка жакындатарын» билдирген.

Казакстан 2020-жылы жарыяланган «Басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте» 180 өлкөнүн ичинен 157-орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG